super.kg logo

Депутат Бокоев Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 VIP-коттедждин сатылышынын чоо-жайына кызыкты

 

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясынын мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу боюнча жыйыны өтүүдө.

Анда депутат Кенжебек Бокоев, экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 VIP-коттедждин сатылышынын чоо-жайына кызыкты. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев коттедждердин сатылышынан түшкөн каражат бюджетке түшкөнүн айтты.

"48 VIP-коттедж аукцион менен сатылган. Бул каражат бюджетке түшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Түлөбердиев.

Депутат Бокоев бул аукциондун канчалык мыйзамдуу өткөнүн аныктоого аракет кылды.

"Эгер мен жетекчи болсом, менин таанышым аукциондон утуп жатса, бул жерде кызыкчылыктар кагылышы барбы? Мыйзамда так көрсөтүлгөн, андай жетекчилерге чара көрүлүшү керек. Максим Бакиевдин улутташтырылган мүлктөрүнүн тизмесинде 35 мүлк бар эле. Алардын тагдыры эмне болду? Канчасы сатылып, канчасы турат?" - деп сурады Бокоев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев бул туурасында так маалыматы жоктугун билдирди.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.03.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откон иш кайра келбейт, олгон киши кайра тирилбейт. Темирди ысыгында баспайт белен, убагында.
16.03.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
386000000$ды жеп коюп жатышпайбы.142 миллион сомду булар букулу жутушат да
16.03.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо ар бир коттедж 3 миллион сомго жетпеген баага бааланыптырда ото эле арзан эмеспи азыр простой уйлорун 3 миллион болуп атат бул жерде дагы чоон корупция бар эмнеге текшербейт ушуга окшогондорду ушундай корупция болуп кандай карап турушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: