Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн ачылат
Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн, 16-мартта толугу менен ачылат. Бул тууралуу маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, учурда "Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн тазалоо иштеринин дээрлик көп бөлүгү аткарылып бүткөн.
"Жол саат 14:00дөр чамасында ачылып, унаалар эки тараптуу коё берилет. Кечээ саат 16:30да Ала-Бел ашуусуна түшкөн 10 миң метр куб кар көчкүнү тазалоого 4 техника тартылган. Учурда көчкү жүргөн жерлерде Транспорт министрлигинин, ӨКМнын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 13-мартта да Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2 миллион 500 метр куб кар көчкү түшүп, каттам жабылган болчу. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.