super.kg logo

Депутаттар 98 Кытай жаранына Кыргыз паспортун берген адамдардын жоопкерчилиги боюнча маалыматтарды сурады

 

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция менен күрөшүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды угууда. Анда депутат Жыргалбек Турускулов буга чейин мыйзамсыз паспорттордун берилиши боюнча жоопко тартылган адамдар тууралуу маалыматтарга кызыкты.

"Мамлекеттик каттоо кызматында коррупция менен күрөшүү фактысы боюнча 2015-жылы 45, 2016-жылы 46, 2017-жылы 45 иш козголгон. Бул маалымат силерде коррупциянын алдын алуу жумуштары жүрбөгөндүгүн түшүндүрөт. Буга чейин паспорттор боюнча абдан катуу чуу болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө паспорт берилиши боюнча бир кызмат адамы жоопко тартылдыбы?" - деди Калмаматов.

Башкы прокуратуранын өкүлү Тилек Сарыбагыш уулу бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Депутат Түркияда кармалган Кытай жарандарына берилген Кыргыз паспорту боюнча тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги боюнча сурады. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары бул иш боюнча үч жаран жоопко тартылганын айтты. Маалыматка караганда, Түрк укук коргоо органдары Кыргыз тарапка паспорттун түп нускасын жана башка маалыматтарды бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.03.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорун кошуп камаш керек эчнерсе билбейт жеп буткон берген акчаларды
16.03.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калыштуу, башка мамлекеттерде паспорт берилбейт канча жыл жашасан дагы... Биздин мамлекетте бир тыйын учун мамлекетти сатабыз
16.03.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү кытай жарандарына паспорт бергендери акчасын төлөсө эле болду биздин мам каттоо органдарына
toolos1982 түзөттү 2018-03-16 17:09:01
16.03.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким дегендер аты Ким жоопко тартылгандар. Менимче эч Ким жоопко тартылган эмес. Калп кутулуш учун ушинтип койду. Аны депутат тактаган жок
16.03.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик каттоо кызматында патриотиуе сезимдери олуп калган адамдар же мекенсиздер иштейт. Болбосо ушул убака чейин улут деген графаны киргизишмек кайра
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: