super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Чыныгы жашоодо болгон окуянын негизинде тартылган "Миллионердин сүйүүсү" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө белгилүү актёр Аскат Сулайманов режиссёрлук кылган "Миллионердин сүйүүсү" аталышындагы тасма жүктөлдү. Фильмдин сценарийин Өмүрзак Төлөбеков жазып, Айнура Турганбаева, Марат Алышпаев, Аскат Сулайманов жана башкалар роль жаратышкан.

Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбековдун айтымында, фильм Бишкек жана Астана шаарларында тартылган.

"Бул кинонун сценарийин 3 күн бою уктабай жазып чыккам. Окуя чыныгы жашоодон алынган. Тактап айтканда, өз көзүм менен көргөн кошунамдын тагдыры баяндалган. Буга чейин бул тагдырды китеп бетине түшүргөм, андан соң гана тасмасы тартылган. Фильмге жалпысынан 50 миң доллар чыгым кеткен", - дейт ал.

Тасмада кыйынчылыкта жашаган башкы каарман Маликтин аялы жолдошунан кетип калат. Малик жумуш издеп Астанага кетип, 3 жылда байлык топтоп, мекенине кайтат. Ошол эле маалда Айкен аттуу каарман анын кадырын билбеген жолдошу менен ажырашып кетет. Башынан окшош турмуш өткөргөн каармандарды тагдыр жолуктуруп коёт. Фильм алардын андан кийинки жашоосу тууралуу уланат.

"Миллионердин сүйүүсү" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: