super.kg logo

Депутат Орозова күч органдарынын жетекчилерин жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы чара көрүүгө чакырды

 

Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралды.

Анда депутат Карамат Орозова күч органдарынын жетекчилерин жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы чара көрүүгө чакырды. Депутаттын айтымында, учурда айрым жерлерде жалган документтер менен "өлүк жандарга" жөлөк пул берүү фактылары жок эмес.

Мындан сырткары, депутат бул өңдүү фактылар боюнча канча кылмыш иши козголуп, салынган айып пулдардын өлчөмүнө кызыкты.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Замирбек Осмонов бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

"Бирок жөлөк пулду берүүгө акча бюджеттен бөлүнүп жаткандыктан, бул жааттагы мыйзам бузуучулуктар бюджеттик категорияга тиешелүү. Жалпысынан алганда, бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча 111 акт түзүлүп, 109 кылмыш иши козголгон, 174 миллион сомго айып пул салынды", - деди Осмонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырас мыйзам жазган сон аягына чейин туруш керек болчу. карамат айымдын аида айымдын жазган мыйзамдарына кол коюлган менен чийки болуп калды го. Эми ким ишенет жолокпул суйунчу пул дегенинерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: