super.kg logo

"Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу начарлап кетти. Медициналык текшерүүдөн өтүшү керек" дейт жактоочусу

 

Абакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев бир жолу текшерилип, дары жазып берилген бойдон текшерүүдөн өтө элек. Учурда абалы оор, сейилдөөгө да чыгарылбай жатат.

"Ооруган учурда Өмүрбек Текебаев кардиологдун текшерүүсүнөн өткөн. Дарыгерлер 3 ай ичесиң деп бир топ күчтүү дарыларды жазып беришкен. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өттү. Дарыгерлер кайра текшерип, дарылардын ичүү тартиби өзгөрөбү же уланта береби айта элек. Текебаевдин учурда абалы оор, жарым жыл мурун жазып берген дарыларды дагы деле ичип жатат. Дарыгерлерге өзү кайрылган, көңүл коюп текшерүү жасашкан жок, формалдуу түрдө эле текшерип коюп жатышат.

Текебаевге карата басым да болуп жатат. Мыйзам тартиби боюнча абактагылар күнүнө бир жарым саат сейилдөөгө чыгып турушу керек. Текебаевди 15 күндүн ичинде жарым саатка бир жолу чыгарыптыр, учурда 10 күндөн бери сыртка чыга элек. Жубайы жолугуп, абалы учурда жакшы эмес экенин айтты", - дейт Токтакунова.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(7)
16.03.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми Текебаевде бир жол бар болушу мумкун ал "Убактылуу Окмот" учурунда баары чогуу кылышкан кылмыштарын коомчулука айтуу, ошондо шериктештерида жоопко тартылып Текебаевдин рейтинги бираз элге жагып калышы мумкун, ансызда улуттук герой болуп корунуп аткан.
16.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Түрмө курорт эмес
16.03.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушу кишини бекер эле кыйнашты. куноосу далилденсе бир жон. каяктагы бир жоотко ишенип соттоп коркунучтуу кылмышкерди кармагансып абакта кыйнаганы туура эмес
16.03.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АША озунун журналистерге деген 50 миллион рубль кашасына качан жооп берет?бул оз убагында 50 миллион долларга тете акча эле. Жээнбековдун эрки жетеби ушул ишти караганга же ууга жарабай калабы?
16.03.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул заманда корбодум, укпадым, билбейм деген Адам чонойот. кыскасы чындыкты айтсан камаласын
17.03.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын чыныгы чыгаан патриот удуттук духу, улут лидери эле Текебаев
17.03.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз элинин бактысына денсоолукта аман болсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: