Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында "Барселона" "Рома" менен, "Ювентус" "Реал Мадрид" менен ойнойт
Бүгүн, 16-мартта Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык бөлүгүндө командалардын атаандаштары аныкталды.
Чүчү кулактын жыйынтыгында чейрек финалдык баскычта "Барселона" - "Рома", "Ювентус" - "Реал Мадрид", "Ливерпуль" - "Манчестер Сити", "Севилья" - "Бавария" беттештери орун алат.
Чейрек финалдык алгачкы беттештери 3-4-апрелде өтсө, жооптук беттештеп 10-11-апрелде өтөт.
Ал эми Чемпиондор Лигасынын финалы 26-майда Украинанын Киев шаарындагы "Олимпийский" стадионунда орун алат.
Чейрек финалда боло турган беттештер:
"Барселона" (Испания) - "Рома" (Италия);
"Ювентус" (Италия) - "Реал Мадрид" (Испания);
"Ливерпуль" (Англия) - "Манчестер Сити" (Англия);
"Севилья" (Испания) - "Бавария" (Германия).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















ийгилик каалайм Реалга