super.kg logo

Соттолгон-соттолбогону тууралуу маалым катты алуу үчүн күнүнө канча адам кайрылып жатканы белгилүү болду

 

Соттолгон-соттолбогону тууралуу маалым катты алуу боюнча күнүнө 900-1500 арыз түшүп турат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маалым катка суроо-талап көп болгону үчүн узак кезектер жаралууда. "Терминалдар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар болгонуна байланыштуу арыздардын саны өсүүдө. Күнүнө 1500гө чейин арыз келип жатат, алардын 90 пайызы Бишкек шаарында.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишти тез арада бүтүрүп берүү үчүн кошумча акча талап кылып жатканы боюнча маалыматтар тастыкталган жок. Эгер мындай факттар байкалса, 0 (312) 266 418; 660 581; 266 323 номерлери аркылуу байланышууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жарандар соттолгон-соттолбогону боюнча маалым катты алыш үчүн дале ИИМде узун кезектерде турууга мажбур экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: