Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү
Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү унаа жолдун Чоң-Ашуусунда (104-чакырымында) түшүп, унаа жол убактылуу жабылды.
"Бүгүн саат 08:00 чамасында жолду тазалоого атайын техника тартылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунда түшкөн кардын көлөмү такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.