Бишкекте Аксы окуясына арналган жыйында "президенттин иниси депутаттыктан кетиши керек" деген талап коюлду


















Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын өтүүдө.
Иш-чарага Аксы окуясынын курмандыктарынын туугандары, 2005 жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөрдүн катышуучулары келишти. Жыйын “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат. Чогулушта өлкөдөгү саясий процесстердин өнүгүүсү боюнча өз ой-пикирлер айтылып, президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттарына талаптар коюлмакчы.
Жыйында төңкөрүштө каза болгондорду эскерүү үчүн даректүү тасмасы көрсөтүлүп, алардын арбактарына багышталып куран окулду.
“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев 8 жыл мурун Апрель окуясы ушул жерден башталганын эскертти. "Биз бүгүн президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке Бакиевдер үй-бүлөсүн экстрадициялоо талабын коёбуз. Бул иш токтобосун. Экинчиден, азыр оппозиция Акаев менен Бакиевди чакырабыз деп жатат. Мындай провокацияга жол бербешибиз керек. Анткени кайра кан төгүүлөр болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай депутаттык мандатын тапшырышы керек. Ошондо акыйкат бийлик болот", - деди Мискенбаев.


Андай болсо азыр эмнеге уюлдук компаниялар көзөмөлсүз, мисалы былтыр "Укмуш +" деген тариф 62 тыйын эле, кийин өзүнчө эле 80 тыйын болуп калыптыр, абанентке маалымат беришпейт, азыр 1 сом, сурасам каалаган маалда көтөрө беришет имиш...
Шылтоо менен Билайн компаниясына нааразычылыгымды айтып алдым
туш келсе эмне кылсын? Азыр эмне
Токтогул суу сактагычында запазы менен суу бар,
азыр жөнөкөй дарыялар нугунан чыгып үлгүрбөй ататко
Мискенбаевге соз жок, анын ордуна намыстуу бири болгондо асынып алмак, калын элдин жек корундусуно айланган бири болсо....
Булар Бакиев менен Акаевди кое туруп Колдоочусу Атамбаевден ТЭЦте изи жоголгон жуздогон миллиондорун эсебин сурап алышсын!!! Кандуу жуктун дайынын сурап алышсын... Кочмондор оюндарында жоголгон миллилндордун эсебин сурап алышсын!!!