super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы: "Ар дайым ачык, конструктивдүү сын-пикирге даярбыз"

 

Жогорку Сот өлкө аймагындагы коррупцияга каршы механизмдерди иштеп чыгууга, ошондой эле сот системинде коррупцияны жоюуга көмөктөшө турган аянтча болууга даяр. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева 16-мартта "Сот тутумунда коррупциянын алдын алуу: актуалдуу чаралар жана демилгелер” аттуу тегерек столунда билдирди.

Токбаеванын айтымында, сот системинин дарегине айтылган пайдалуу жана конструктивдүү сын-пикирлерге Жогорку Сот даяр.

"Сот тутумунда, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөшүү чараларын өткөрүүдө, жемкорлуктун кесепеттерине гана эмес, анын пайда болушунун себептерине дагы өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андыктан коррупцияга каршы күрөшүү коомчулуктун катышуусунда комплекстүү жана ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реалдуу жыйынтыкка келебиз. Сот тутуму бүгүнкү күндө актуалдуу болгон маселелерди талкуулоого жана бардык кызыкдар тараптар менен диалог кылууга дайым ачык. Биз сын-пикирге даярбыз, эгер ал конструктивдүү жана сот системине пайдалуу болсо", - деп кошумчалады Жогорку Соттун төрайымы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(3)
17.03.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сотторун чекеден коррупцияга кекиртегине чейин малынып турса, Жогорку соту баш болуп, кайдагы ачык-айкындык?!! Конструктивдуу сындар том том болсо да, кулак салган адам болбосо, баарынар эле жен ичинен соодалашып, пара алып, акчалуугун пайдасына чечим кабыл алып отурсанар, бандит, криминалдарды боштондукка чыгарып жатсанар чекеден, миллион-миллиард жегендер бийликте, тоок-козу уурдагандар турмодо отурса, кайдагы адилеттуулукту айтып жатасынар?!! Бет барбы силерде?!!
17.03.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas,баарын сатып алса болот арамдарга аам жагатт да
таза иштеген соттор жок баары кайдан аат машина уй жана башкаларды?
паракорлор баардык соттор
соттор соттобой сотторду бириндети сотто керек
18.03.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toktor89,Жазганына бир да түшүнгөн жокмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: