Ноокендеги мектеп директору: "Кош бойлуу болуп калган 17 жаштагы кызды ата-энеси турмушка берди"
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ношкен айылында 11-класстын окуучусу турмушка чыкты. Бул тууралуу 18-мартта SUPER.KG'ге айылдагы №20-мектептин директору Абдукерим Толубаев кабарлады.
Анын айтымында, кыздын үч айлык боюнда бар экендиги билингенден кийин ата-энеси аны өз ыктыяры менен мектептен чыгарып салган.
"Ал кыз биздин мектепте окуп, 11-февралда 17 жашка толгон. Тилекке каршы, үч айлык боюнда бар экендиги билингенден кийин ата-энеси мектептен чыгарып алуу боюнча арыз менен кайрылган. 5-мартта мектептен чыгарып кетип 19 жаштагы жигитине турмушка берип койду. Ал бала деле коңшу айылдын тургуну болот", - деди мектеп директору.
"Бул окуядан кийин биз мыйзамдарды карап чыктык. 18 жашка толо элек кызды турмушка берүүгө мыйзам тыюу салганы менен, мажбур болгон учурда белгиленген жаш бир жылга кыскартылат экен. Башкача айтканда, мажбур болгон учурда 17 жашынан турмушка берүүгө болот", - деп билдирди Толубаев.
Бирок окуучунун жүрүм-турумуна өз учурунда көңүл бурбай койгондугу үчүн класс жетекчисине, дене тарбия мугалимине жана аялдар кеңешине сөгүш берилгенин кошумчалады.
"Бул окуяны мугалимдер аялдар кеңеши менен бирге отуруп талкууладык. Жыйынтыгында класс жетекчисине, дене тарбия мугалимине жана аялдар кеңешине сөгүш берилди. Жакында маселе райондо да каралат", - деп айтты мектеп директору.
Ал эми бул фактынын негизинде кандай чара көрүлгөндүгү боюнча милиция тарабынан тастыктала элек.
кошулду


Туп туура!!
Уядан эмне корсо ошону алат-дегендей тарбия башаты ата-эненин мойнундагы милдет,парз.
Мугалимдер окуучуга БИЛИМ беруу милдети менен кошо эстетикалык тарбия берууго жооптуу.
Бирок, ошондо да окуучулардын тарбияэсынын озогу оз уйундо!
Акыл айтсан укпаса, катуу айтсан жанына кас кылса. Бул оспурумдорго ээч тушунбой кетем. Урматтуу ата-эне баланызга конул буруп койсонуз десе: "Эмне менин эле балам сенин козуно корунуп калдыбы? Кором сенин баланды да" деп кекетсе.
Анан кокустук болуп кетсе эле эмеге уйулгон чымындай байкуш мугалимдерге келип эле эзгилей берсе. Бул нерсени кандай тушунсо болот?
Туну короосунан бир кой жоголсо, эч бири уктабай издешсе,ал эми балдары тун бир оокумга