super.kg logo

Ошто үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу борбору ачылат

 

Ош шаарына үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу борбору ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов менен ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченконун жолугушуусунда сөз болгонун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган борбор ачылса, үй-бүлөлүк зомбулукка, турмуштук оор кырдаалга кабылган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине ар тараптан көмөк көрсөтүлөт. Андан сырткары, борбор балдарды үй-бүлөдөн ажырап калуусун алдын алуу жана ташталган балдарды кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү даярдоо боюнча иштерди аткарат.

Елена Зайченко мэриядан борборду ачууга көмөк көрсөтүүнү суранып, эки тараптуу жүргүзүлгөн бул долбоор ишке ашып калса, балдарды жана ата-энелерди социалдык жактан коргоодогу бир топ маселелер комплекстүү ишке аша тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда “ата-энелер” бөлмөсү ачылып, 2 жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Андан сырткары, 2017-жылы “Үмүт шооласы” аттуу балдарды убактылуу жайгаштыруу борбору жана “Мөл булак” күндүзгү борбору ачылып, балдарды реабилитациялоо жумуштарын аткарып келүүдө. Бул борборлор Ош мэриясы тарабынан каржыланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: