super.kg logo

Жакындары ур-токмокко алган 8 жашар кыз ооруканадан балдар интернатына чыгарылат

 

Бишкек шаарында жакындары тарабынан ур-токмокко алынган 8 жаштагы кыз бүгүн, 19-мартта ооруканадан чыгарылып, балдар интернатына которулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев билдирди.

Социалдык кызматкердин маалыматына ылайык, балдар интернатынын кароосуна кыздын 10 жаштагы бир тууган агасы да алынат.

"Балдардын өздөрүнүн апасы изделүүдө. Азырынча апасынын бир туугандары гана табылды. Эгер алардын балдарды багууга шарты ылайыктуу болсо балдар тайлары тарабына багууга берилет. Өгөй энеси 1 айга камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми анын 2 жаштагы жана 4 айлык балдары ымыркайлар үйүндө каралууда. Алардын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болуп чыкты", - дейт Миңбаев.

Эске салсак, окурман 12-март күнү "Элдик кабар" рубрикасына Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Маалыматты Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынан тастыкташып, ал колунан, башынын бир канча жеринен, моюнунан жаракат алып, денесиндеги көп тактар менен "Тез жардам" аркылуу келгенин айтышкан. Кийин секелектин "Өгөй апам отургуч менен уруп колум сынды, башыма чөмүч менен чапкылап, күн сайын урат" деген видеосу чыкты. Бул арада SUPER.KG'ге кыздын чоң энеси "Неберем өзү тентек, келинимдин урганына ишенбейм", - деп айткан . Бул боюнча кыздын өгөй апасына кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга алынган.

Ошондой эле кийин сабалган кыздын сүрөт-видеолорун социалдык тармактарга таратып, жардам чогулткандар анын жакындары эмес, абалды өз кызыкчылыктарына пайдалангандар экени белгилүү болгон. Учурда бул кыздын жакындарынан эч ким жардамга деп акча топтогон жок, жарандарды шылуундарга алданбоого чакырабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
19.03.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу,акылдуу,ыймандуу кыз болуп чонойгун. Келечегин кен болсун.
19.03.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман ит кучугун талайт болуп, жиндерин алы жеткендерден чыгарышат.
19.03.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кукук эне табылса экен
19.03.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10 Жаштагы агасы урду дейт, Кантип урмак эле озу 10 жашта болсо
19.03.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал жактан жакшы карашса болду Эми,ангектен качсан донгокко дегендей болуп ырайымсыз тарбиячылардвн колуна тушпой. Озунун энесинин журогу жокпу ушул жанылыктарды укса учуп куйуп келет деп ойлодум эле. Тируу бекен деги??
19.03.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nanei, оой айтасыз да журогу болсо таштап кетет беле
19.03.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон эне болбой куруп калгыр,канатына калкалап багып албайбы,кичекей небересин. Огой энеден жаманго анысы деле
19.03.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билген бир чон эне бар, чон келини 6жыл мурда авария болуп каза болуптур,бир уулу кызы бар экен,ал балдарды озу багып алыптыр уулу уйлонуп экинчи аялы мн,баарын уйлоп жайлап болуп салыптыр ошолорго берем уй жайды огой эне катип карайт баариибир оор неберелериме деп,уулум ошо аял мн тынч жашаса болду деп .бул чон эне акмак экен келин кеттиби кызын кыз уулун уул кылып озу бакса болмок ,эртен эле оокат жасаганга жарап отун суусуна жарлам беришмек,эми баласында жашоосу жок 4айлык бобок,((
19.03.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чон энелер кыйын чыкты же-мени же аялынды деп тандоо коюп?! Эне болсо журогун кен кылсын ортодо балдар болгондон кийин мин эки жаштан кетип ажырашардада балам мени тандасан ажырашпа дегенге-жарабайт. Келини ажырашам деп кочого жоносун дейли анткени бизде келиндер эле жаманго ошондо эмнеге жатып албайт балдарын турат мен-картайдым таштап кетпе деп?! Келин келгенде жаткырат элего кемпирди эптеп алып каласынар аттап кетсен болбойт деп?! Иши кылса уй булоодогу ажырашуу бирден бир себеби кайнене!!!
19.03.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келин жаны койнок кийседа ызы чуу кочого чыксада ызы чуу,бул ичи тардык ушундай майда чуйдодон чонго айланып ажырашуу болот ортодо жашэбалдар азабын тартат! Мен бул создо-баары кайнене айтпаймын бирок копчулугу азыр,менинда кайненем и апамда кайнене, ортодо-балдар турганда эчкачан жаман майда чуйдо создорду кобойтуп ажырашууга жеткирбесек!!!
19.03.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми карасанар ата энеси чон апасы, ата энесинин биртуугандары тируу туруп балдар интернатына тапшырылат ал жакта эле жыргап кетпейт псих тарбиячы толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: