super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: 39 жыл мурун мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков каза болгон

 

1979-жылы 19-мартта мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Ал 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган.

Исхак Раззаков Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген.

Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.

19-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул инсандарыбызга таазим, ушулар туптоп калтырып кеткен Кыргызстанда жашап жатабыз! А бугункулор туптоп калтырып жаткан Кыргызстанда эртенки урпактар жашайт. Бугунку абалыбыз ушул, туптолгон Кыргызстанды талкалап жатабыз.
yrysbek түзөттү 2018-03-19 13:32:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: