super.kg logo

Жалал-Абадда чабанды малдары менен кошо сүзүп өлтүргөн айдоочу жаракат алып ооруканада жатат

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда чабанды малдары менен кошо сүзүп өлтүргөн айдоочу ооруканада жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын облустагы бөлүмүнөн кабарлашты. Маалым болгондой, 61 жаштагы айдоочу 39 жаштагы чабан жолдо койлорун айдап баратканда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта келип сүзгөн.

"К.Ж. аттуу чабан ат минип алып, 200гө чукул койду айдап баратканда М.С. аттуу айдоочу унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып сүзүп кеткен. Кырсыктан чабан каза болуп, минип бараткан аты жана 14 кою өлгөн. Ал эми айдоочу башынан жаракат алып, райондогу ооруканага жеткирилди. Азыр дарыланып жатат. Өзүнүн айтымында, унаасын токтотууга жетишпей калган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрөт", - дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан.

Жол кырсыгы 17-март күнү кечки саат 21:00 чамасында Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.03.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер жол качан ачылат
19.03.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун...
Эреже боюнча түндө машине жолго мал айдаса болбойт болуш керек эле
19.03.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джип машина болсо вообще болмок экен ээ
19.03.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгон чабан кечки 9 да эмнеге малын айдайт. Кечки саат 8 ден кийин малчы куноолу болот по закону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: