super.kg logo

SUPER.KG порталынын Түз эфиринде 21-мартта 15:00дө ырчылар Айнура Салахидинова жана Азиза конокто болушат

 

21-мартта саат 15:00дө SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору эстрада ырчылары Айнура Салахидинова жана Азиза болмокчу. Тактай кетсек, буга чейин үч курбуну толугу менен шаң куруп кетсин деп чакырган элек. Алардын ичинен Роза Шакирова үй-бүлөлүк себебин түшүндүрүп, Таласка шашылыш кетип жатканын айтты.

Өнөр жолу менен катар үй-бүлө күтүп, чыгармачылыгын бир калыпта кармап келе жатышкан ырчылар трио катары да уккулуктуу ырларды ырдап жүрүшөт.

"Сахна үчүн курмандыгым – кеч турмушка чыкканым. Күйөөгө чыкканга чейин үйдө бул эӊ глобалдуу маселе болчу. Үйдөгүлөр күйөө таап, "баланчанын баласы экен, жакшы жерде иштейт экен, сүйлөшүп көрсөӊ" деп жанымды коюшпайт. Апам "артист деген аттын өзү жаман" деп каршы болгонуна карабай ырдап чыккам. Сахналаш досторум үчөөбүздүн мүнөзүбүз үч башка, Роза шайыр, Айнура жоош, мен өжөрмүн", - дейт Азиза.

Ал эми Айнура Салахидинова: "Үчөөбүз башында той үчүн "Эски досторго" аттуу ырды жаздырганбыз. Бул чыгармабызды тойлордо, концерттерде уккан күйөрмандарыбыз "үчөөңөргө чогуу ырдаган аябай жакшы жарашат экен. Дагы ырларыңар барбы?" деп сурангандыктан "Шат күндөр" аттуу ырды жаздырдык. Чогуу ырдагандын пайдасы бизге көп эле тиет. Мисалы, жолдошум алыс жакка жалгыз жибербейт. "Роза эже, Азиза менен барам" десем макул болот. Экинчиден, клип тартканга кеткен каражатты үчөөбүз чогуу төлөйбүз", - деген бир маегинде.

Ырчыларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(10)
19.03.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерге 5 Данияр Эрматов чыкканда учоону чакыргыла дедим эле
19.03.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгиз коозулардай болуп.
20.03.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурроом деле жок,бир гана аялдык бакыт каалайм
21.03.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азизаны суйом.
21.03.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана менин билдируум?
21.03.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha, саламатсызбы! Кайсы жакка билдирүү жаздыңыз эле? Бул кабардын алдына биринчи жолу жазып жатасыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-21 12:25:56
21.03.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура боюнда болсо деле ырдай бересин озунду кандай сезесин? Боюнда барда уйдо отурса болбойбу? Боюнда бар аял сулуу дешет бирок бир чети челкейип ырдап атса бир кызыктай корунот экен.
21.03.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Интиригалардан алыс жургон пияр сияр менен иштери жок сонун кыздарсынар бар болгула.Азиза уул,Роза кыз тороп ал.силерге суроо оздук баракчанарга жазган жаман коментарийлерди окуганда кандай абалда болосунар
21.03.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиза Токтогулда жаш таланттар концерт коюшуп 1998-жыл болуш керек эле,ошондо жаачы жамгыр деген ырды сиз ырдадыныз беле? Эльмира деген бир тууган синдиниз барбы? Силерге чыгармачылык чон чон ийгиликтерди каалайм! Бар болунуздар!
21.03.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азизага суроом.Жаш Кыялга кызынызды алып келесиз.Ошол жактан байкаганым оозунуздагы сагызынызды эл баскан жолго чалп этип тукуруп какырынганынызды коруп ото ирээнжип калдым.Озунузду канчалык денгээлде маданияттуумун деп ойлойсуз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: