Жоомарт Оторбаев: "Жети-Өгүздөгү соңку окуялардан улам 60 килограмм алтын калдыктарга кошулуп кетти"
Кумтөр кенинде илинген тактайдагы иш планынан июнь айынын башкы күндөрү менен жумуш жыйынтыгын салыштырма иретинде көрүүгө болот

Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев 14-июнда "Кумтөр" кенине барган иш сапарында "Жети-Өгүз районунда орун алган соңку окуяларда митинг катышуучулары тарабынан электр энергия өчүрүлгөнүнө байланыштуу "Кумтөр" кениндеги фабриканын иши токтоп, андагы 60 килограмм алтын иштетилбей калуу менен ал жөн гана калдыктарга кошулуп кеткен" деп айтты. "Талаш-тартыш өз жолу менен болсо да, фабрика иштеши керек. Акыркы жоготуу эле 2,5 миллион долларды түздү",- деди Жоомарт мырза.
Автор: Эльвира Караева
Фото: Эльвира Караева
Анын айтымында, эгерде "Кумтөр Оперейтинг Компани" подстанциядагы электр энергиянын өчүрүлүшү боюнча доо арыз менен кайрылса, анда ал эсепти "Чыгышэлектро" ААКсы төлөйт. "Анткени алтын казып алуучу ишкана менен "Чыгышэлектро" макулдашуу боюнча иштешет. Биз азыр канчалык зыян келтирилгенин эсептеп чыгышыбыз керек, анткени ал убакытта эч ким иштебей, айлык акы төлөнбөй калган, андыктан салык да түшпөй калышы мүмкүн",- деди биринчи вице-премьер.
Ошондой эле Жоомарт Оторбаев "Кумтөрдүн" салыктары менен башка төлөмдөрү өлкө бюджетинин 6 пайызын түзөрүн, тагыраагы компания салык иретинде 6 миллиард сом төлөй турганын эскерте өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

