super.kg logo

Бишкекте "Kia Motors" компаниясынын расмий дистрибьютордук борбору ачылды

 

Бишкекте “Kia Motors” компаниясынын расмий дистрибьютордук борбору ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы консулу Ю Мёнг Су, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, “Kia Motors” компаниясынын кыргыз жергесиндеги борборунун башкы директору Игорь Ким жана “Kia Motors” компаниясынын аймактык штабынын президенти Брайан Лим катышты.

Анын жүрүшүндө Игорь Ким “Kia Motors” компаниясы тарабынан эми Кыргыз жергесинде толук кандуу кызмат көрсөтүлүп, бүткүл өлкө боюнча кардарларын тейлей ала турганын айтты.

“Kia” “Азиядан дүйнөгө чыгуу” деп чечмеленет, бүгүн мына Кыргыз жергесине да келип жетти. Биз эми Бишкекте эле кызмат көрсөтпөстөн, бүткүл өлкөнү да тейлей алабыз. Ошондой эле биз кардарларыбызга сервистик кызматыбызды, Kia үлгүсүндөгү унааларды жана тетиктерин керектүү деңгээлде сунуштай алабыз”, - дейт Игорь Ким.

Ошондой эле аталган иш-чарага катышып жаткан Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов учурда “Kia Motors” компаниясы федерация менен биргеликте 2 долбоор даярдап жатканын билдирди.

“Биринчиси, “KIAChamp into the Arena” деп аталат да, анда футбол сүйүүчүлөрүнүн ортосунда футбол боюнча мелдеш уюштурулат. Жеңүүчү болгон команданын оюнчулары 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы оюндардын бирине күбө боло алышат. Ал эми экинчиси, “KIA official Match Ball Carrier” деп аталат. Ал жаш футболчулар ортосунда уюштурулат. Жеңүүчү деп табылган жаш футболчу Дүйнө чемпиондугундагы оюндардын биринде калыстар менен кошо чыгып, оюн талаасында колуна топту кармап туруп ачылыш аземине катышат. Биз, Футбол федерациясы бул долбоорлорго абдан кубануу менен мамиле кылып жатабыз. Андан сырткары келечекте дагы ушул сыяктуу башка долбоорлорду уюштурууга аракет кылабыз. “Кiа” компаниясына бул долбоорлор үчүн федерациянын атынан ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм”, - дейт Семетей Султанов.

Андан сырткары, Игорь Ким бизнес жаатындагы адамдар үчүн Дүйнө чемпиондугуна баруу мүмкүнчүлүгүн жараткан дагы бир долбоор даярдалып жатканын айтты. Анын айтуусуна караганда, “KIA Best fleet invitation” аталышындагы долбоор 10 унаадан 20 унаага чейин сатып алган компаниянын 2 өкүлүнө Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине күбө болуу мүмүнчүлүгүн түзүп берет.

Айта кетсек, “Kia Motors” - түштүк кореялык унаа чыгарган компания. Ал унаа чыгаруу боюна Түштүк Кореяда экинчи орунда, дүйнөдө жетинчи орунда турат. 1944-жылы түптөлгөн. “Hyundai Motor Group” компаниясынын тобуна кирет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
19.03.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жаңылык, буюрса алдыга жылуудабыз
19.03.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
завод курбайбы ошо заводу керек эле
20.03.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны машинаны катардагы жаран ала албайт(элдин 97%).Жегичтер ж-а чон бизнесмендер гана алат.Ошондуктан алар завод курбайт,олко бай болсо эчак эле курмак.
20.03.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз олко машина чыгарбайт, же сырттан киргизбейт.Машиналардын кобу эскирди, байкуш кыргыздар шалдыраган машиналарды кунуго ондоп айдап журушот.Анан аба булганып жатат деп коюшат.
20.03.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каерде экен дареги
20.03.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эски машиналарга тыйуу салып, сырттан жаныраак маш. киргизгенди женилдетип(мурдагыдай) коюшса болмок. Айылдагы маш-дын эн жанысы 15 жылдан ашкан маш. экен.
20.03.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак Үй укпасын укса алардын билдирбей акча ала турган жолду ойлоп табышты күн тартибине киргизейли деп башташат Чет элдик туристтер ден алабыз дегендей! Азыр кайдан акча табышты билбей турушат!
20.03.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киа Рио жагат мага
20.03.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киа соренто прайм канча болот экен?
20.03.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stimyl.kg,1.3млн сом турган машина ала алсан, анда сен жогорудагы 3% ке киресин.
ruslanz түзөттү 2018-03-20 19:59:57
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: