super.kg logo

Өлкөдө Тазалык полициясы түзүлүшү мүмкүн

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тазалык полициясын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат интернеттеги баракчасына жазды.

Анын пикиринде, карапайым жарандардан тартып аткаминерлерге чейин ишембилик өткөрүп, ар кандай иш-чараларды жасаганы менен тазалык жаатында эч кандай жылыштар байкалган эмес, тескерисинче, айлана-чөйрө таштандыга толуп бара жатат.

"Ишембиликтер, иш-чаралар уюшулганы жакшы, бирок ал иштер андан ары уланган жок. Кагаз түрүндө гана "тазалыкты сактоого аракет кылып жатабыз" деген отчёттор болбосо, иш жүзүндө баары башкача. Таштандылар менен күрөшүү боюнча полицияны түзүү тууралуу сунушум - бул маселени чечүүнүн эң жакшы жолдорунун бири.

Тазалык полициясы өзүн өзү каржылаган мекемелерден болот. Тазалык тартибин бузгандарга айып пул салынып, ал каражат полициянын өзүнүн казынасына түшөт жана ошол акча аркылуу кызматкерлерге айлык акы чегерилет", - деп жазды Бекешев.

Мындан тышкары, ал тазалык полициясына курал алып жүрүүгө болбой турганын, мыйзам бузгандардын ишин далилдөө үчүн камерасы болуш керек жана бул кызматка өз ыктыяры менен келген жарандар иштей ала турганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
19.03.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойроктон шыйрак чыгаргандар. Чач ал десе, баш алып жаны тынышат.
19.03.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойгоздуго ушулар. Бир туруп метро куруп башташат бир туруп полиция тазалыгы деп баштайт иши кылып бекерчинин иши экен да буларга
19.03.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны каяка чачышты билбей ойлоп тапкан
планынар ушулбу. Тазалыкка миллиондорду болосунор, алардын не уйкусу канбай атыпбы?Андан коро самолеттун ээсин таба турган жумушчуу тузгуло
19.03.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түзсө болот.Мисалы:Казакстанда андай нерсе бар,таштандыны таштанды таштоочу урнага кана салышат жана тамекини ошол урнанын жанында тартышып калдыгын урнага ташташат.Эгер жолго,коомдук жайларга таштасаң штраф төлөйсүң же 48саат абакка олтуруп чыгасың
19.03.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чиновниктерди камай турган полиция тузуш керек андан кору парламенти биринчи очередь камай тургандай анан онугот кыргызстаным
19.03.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Бекештин небереси оюна келгенин оттоп элди кыйнамай өнөр таап алды.Башка кыла турган ишиңер калбадыбы?
19.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура сунуш колдосо болчудай.
19.03.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Полициясы жок эле ар бир жаран озубуз жоопкерчиликтуу болсок жетиштуу болор.Эн биринчи ыйман болсо,тарбия кучтуу болсо таштаны таштабасак "тазалык полициянын"кереги деле жок го...Ушул "полиция"деген терминди Кырныз жерибизде колдонбой койсок деле болот эле...Америка болуп кеттик го озунчо эле))
20.03.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздардын табиятына бири биринин тартып сатып жүргөөн кирбейт. Эч ким иштебесе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: