super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрин сотко беришти

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар СултангазиевСаламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев министр Талантбек Батыралиевди сотко берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Султангазиев өзү билдирди.

Анын айтымында, коомдук байкоочу кеңеш министрликтеги коррупциялык иштерди ачып жаткандыгына байланыштуу өзүнө карата каршы иштер башталган.

"Мен коомдук байкоочу кеңештин төрагалыгына шайланып жаткан учурда Талантбек Батыралиев мага карата маалымат тараткан. Анда менин соттолгонумду, байкоочу кеңешке мүчө болууга татыксыз экенимди айткан. Менин соттолгондугум 1999-жылы жабылган. Биздин мыйзамдарда соттолгону тууралуу маселе жабылган болсо ал факт катары пайдаланылбайт. Мен бардык мамлекеттик кызматтарда иштей берсем болот, менин ишим "соттолгон эмес" деп чечилген.

Бул маселелер чыгып жатканынын себеби - биз, байкоочу кеңеш көптөгөн коррупциялык иштерди ачып чыкканбыз. Бул иштер министрге жакпай ошол себептен мага карата ушундай аракет көрүлүп жатат.

Мен Биринчи Май райондук сотко Батыралиев ар намысыма шек келтиргени үчүн менден кечирим сурап жана 100 миң сом айып пул төлөп берүүсүн талап кылган арыз менен кайрылдым. Биринчи отурум качан болору чечиле элек, күтүп жатабыз", - дейт Султангазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.03.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эле калды.
19.03.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Короче экоондун лично обиданар бар окшойт
19.03.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин жаманга башчы болгуча, бир жакшыга дос болгонун артык. Артынан ушакчылардын оозу тынбай убара болосун.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-03-19 15:49:31
19.03.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Напсиң чоңго 100миң деп жөн эле кечирим сурашып койсоңор болбойбу?
19.03.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутатттардан баштап баарынар бул министрди ит талагандай баары жагынан талап атасынар, талап атасынар же бир толк чыкса.Эми сенин да сотко берген доонду кара,уялсан боло.Соттолгондугунду озун деле признавать этип атасын.Соттолгон болсон анан не чычалайсын,соттолгону жоюлган деген кагазынды бир жерине тыгып ал, соттолгонун болгон окуя болуп тургандан кийин.(эркекче бол).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: