super.kg logo

Милиция Жалал-Абадда кош бойлуу болуп турмушка чыккан окуучу кыз боюнча териштирүү иштерин баштады

 

Ноокен районунун Ношкен айылында кош бойлуу болуп турмушка чыккан окуучу кыз боюнча териштирүү иштери башталганын SUPER.KG'ге 19-мартта Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты. Маалым болгондой, милиция териштирүү иштеринин жыйынтыгына ылайык чара көрөт.

Ал эми Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Козуев кыздын боюнда бар же жок экендиги дарыгерлердин аныктамасы менен белгилүү болорун билдирди. "Мен "кыз кош бойлуу эмес" деп эч кимге эч качан маалымат берген жокмун. Биз азырынча так айта албайбыз, ал дарыгерлердин аныктамасы менен гана белгилүү болот", - деди Козуев.

Белгилей кетсек, 11-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калып, аны ата-энеси мектептен чыгарып кетип турмушка бергенин 18-мартта айылдагы №20-мектептин директору Абдукерим Толубаев тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.03.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул билинип калгандары эледа билинбегени канча
19.03.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда тырт эткендин баары эле билинип атат. Бул билинип калганы эле деп сен замандан арта калыпсын
19.03.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болоор иш болду боесу канды эми несин териштиришет.Боюнда болгон үчүн турмушка чыкты и мындан алдынкы маалыматтарда үч айлык боюнда бар дедиңер эле го .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: