super.kg logo

Социалдык тармактардагы кызыктуу баракчалар: Аялзатын кайдыгер калтырбаган кооз идиштер, адам менен иттин достугу жана башкалар

 

Учурда дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн жарандары өздөрүнө социалдык тармактардан жеке баракча ачып, күнүмдүк жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүшүп, ар кандай сүрөттөрүн жүктөп келишет. Бирок алардын арасында баракчаларына кызыктуу сүрөттөрдү жүктөп, катталуучу топтогондор да жок эмес.

Социалдык тармактарда Мурад Османн деп катталган колдонуучу, фотограф жеке баракчасына сүйүктүүсү Наталья менен биргеликте дүйнөнүн кооз жерлеринде саякаттап жүргөн сүрөттөрүн жарыялап, көпчүлүктү кызыктырып келет. Ал көбүнчө сүрөттөргө өзү түшпөстөн, сүйүктүүсүн тартат. Наталья да фонго жарашыктуу кийимдерди кийип, кооз кадрларды чагылдырууга жардам берет.

Ошондой эле Григори Вудман аттуу колдонуучу да табияттын эң эле кооз жерлеринен сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп келет.
Ал эми Кейт Брайн деген колдонуучу өзүнүн жүзүн сүрөткө тартпастан, жалаң гана бутун жана бут кийимдерин сүрөткө түшүрүп, социалдык тармактагы баракчасына жарыялайт. Анын бут кийимдеринин көптүгүнө суктанбаган кыз жок болсо керек...

Социалдык тармакта Жессика деген ат менен катталган колдонуучу жеке баракчасына кичинекей баласы Бо менен иттердин сүрөттөрүн жарыялап, бир топ катталуучу топтогон. Анын айтуусунда, Тео деген кароосуз калган итти ал көчөдөн таап алган. Ит Жессиканын үйүндө 3 күн жашаган соң, Бо менен достошуп, аны менен чогуу жатууну адатка айландырган. Колдонуучу бул көрүнүштү сүрөткө тартып, адам менен жаныбардын ортосунда достук боло турганын далилдегиси келет.


Дагы бир кызыктуу баракча - идиштер дүкөнүнүн баракчасы. Бул жакта ар бир аялзатын кайдыгер калтырбаган абдан кооз табактар, кружкалар жана кашык-вилкалар бар.
Америкалык Кэти Родригес 2009-жылы социалдык тармактан баракча ачып, өзү тарткан кооз сүрөттөрү менен бөлүшүп баштаган. Бирок ошол кезде ал тез аранын ичинде эле атактуу болуп, Valentino, Cartier, Lacoste жана башка белгилүү бренддер менен бирге иштешип кала турганын ойлобосо да керек... Учурда анын тарткан сүрөттөрү жогоруда аталган бренддердин кийим-буюмдарын кооздоп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.03.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Григори вудмандын эмгектери жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: