super.kg logo

"Кызымдын өлүмүнө тиешеси бар мугалимдер мыйзам алдында жооп бериши керек" дейт моюн орогучуна асынып алган кыздын атасы

 

6-март күнү Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда өз үйүндө асынып алган 9-класстын окуучусу Жаркынай Жеңишбекованын атасы Жеңишбек Муктаров SUPER.KG порталына "кызымдын өлүмүнө тиешеси бар мугалимдер жоопко тартылышы керек" деп кайрылды.

"Кызым болду, келбес жакка кетти, аны кайрый албайм. Бирок экинчи ошондой окуя кайталанбасын, мугалимдер мындай иште этият болсун, кызымдын өз жанын кыюусуна жеткирген мугалимдер мыйзам чегинде жазасын алсын дейм. 500 сом уурдап алды деп менин кызымдан шекшип жатышса, окуучулардын алдында текшеришпей, кабинетине алып барып анан бут кийимин чечип текшеришсе болот эле го.

Кызымдын өлүмү боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгына барып, кимдин канчалык күнөөсү бар экени иликтенсин, күнөөлүү мыйзам чегинде жазага тартылсын деп кайрылдым. Кызымдын өлүмүнө себепкер мугалимдерди каматып жиберейин деген оюм жок. Ушул сыяктуу окуялар мектептерде көп болот. Мындан ары мугалимдерге кызымдын өлүмү сабак болсун деп жатам", - дейт маркумдун атасы.

Окуя боюнча Сокулук районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Камшыбек Эмилбековго кайрылганыбызда төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"Окуя болгондон кийин биз да барып чоо-жайын билдик. Кыздын өтүгүнөн чыгып турган акчаны класс жетекчи көрүп шашып кетип ала коюптур, анын күнөөсү ушул. "Ала коюп эле кызды сыртка чыгарып кеттим. Аңгыча апасы келип калды анан чогуу сүйлөштүк" деди. Кыздын ата-энеси бирди айтат, окуучулар башканы айтат, класс жетекчи да өз чындыгын айтат. Муну укук коргоо кызматкерлери териштирип, бир жыйынтык чыгарышы керек. Кылмыш иши козголгондон кийин мугалимдердин териштирүүгө укугу жок экен. Ошондуктан окуяга катышы бар мугалимдерден түшүнүк кат алып эле токтоп турабыз", - дейт бөлүм башчы.

Ал эми Бишкек ШИИББи учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

"Ал иш боюнча азыр тергөөчүлөр иштеп жатышат. Иликтөө соңуна чыкканда анан ага карата юридикалык баа берилет. Эгер күнөөсү болсо кесибине шалаакылык мамиле кылгандыгы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн", - дейт ШИИББдин маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.03.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уурулар бети,намысы жок болот. Бул кыз намысына чыдабай асынып алса койгон куноосу жалган го...
27.03.2018. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алсын чырактай эле кыз экен.
27.03.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur...nur.,Эмнеге жазасын алыш керек мугалим. Кыз озу алганын мойнуна алып кечирим сураса куноосу бар учун кечирим сурадыда. Ошол жерден милицияга тапшырыш керек болчу. Бир кыз шайтандап акчаны алды, анан намысына чыдабай Оз жанын кыйда, Эми ата-энеси сыздап мугалимдер жооп беришет. Ошо заматта милицияга тапшырыш керек болчу.
27.03.2018. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уурдаган кыз болсо аны мугалим таап чыкса дагы мугалим камалабы?
27.03.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча ондуруш керекго ата энеси?! Кызынар алыптыр акчаны!!!!!!!
27.03.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны Кыз алып алган ошого асынып алган кыздын куноосу жок болгондо асынбайт болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: