super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Облуста азык-түлүк коопсуздугун сактоо аракеттери улантылууда

 
2012-жылдын 19-ноябрына карата Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан Жалал-Абад облусуна 584,68 тонна I сорттогу, 60,95 тонна II сорттогу, бардыгы болуп 645,63 тонна ун алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, келген ундан 460,42 тонна I сорттогу, 7,15 тонна II сорттогу ун сатылды. Азыркы учурда 178,06 тонна ун бар. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу Жалал-Абад облусунун район-шаарларына ун алынып келүү улантылууда. Ал эми Чаткал районуна “Акун” фирмасынан унду килограммын 26 сомдон жалпы 500 тонна жеткирүү боюнча иш алып барылып, азыркы учурда 20 тонна ун жеткирилди. Тогуз-Торо районуна Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан 100 тонна ун бөлүнүп, анын 50 тоннасы "Кыргыз алтын" ААКнын транспорттук каражаттары менен жеткирилип, жеринде сатылууда.           





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: