super.kg logo

"Газпром нефть Азия" "Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү" наамына татыды

 

"Газпром нефть Азия" "Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү" диплому менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү" сынагынын жыйынтыгын чыгарды. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 компания жогорку наам алды, алардын арасында "Гaзпрoм нeфть Aзия" да бар.

Ишкананын кызматкерлери үчүн пенсиялык камсыздоо, милдеттүү медициналык камсыздоону каржылоо боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөө сынакта баалоонун негизги шарттары болду. Мындан тышкары кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна арналган иш-чараларга да көңүл бурулду.

Ошондой эле "Гaзпрoм нeфть Aзия" 11 жыл ичинде "Кыргыз Республикасынын мыкты салык төлөөчүсү" наамын үч жолу алган. Бул убакыттын ичинде компания мамлекеттик бюджетти 36 миллиард сомдон ашык суммага толтурган.

Айнура Абдукаримова, "Гaзпрoм нeфть Aзиянын" башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары:

"Биз Социалдык фонддон "Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү" дипломун алганыбызга кубанычтабыз. Компаниябыздын бухгалтердик ишин так жана ачык-айкын жүргүзүүнү биз ар дайым милдет катары коёбуз. Учурда компанияда 900дөн ашуун кызматкер иштейт. Ар бири социалдык жеңилдиктерди өз убагында алганы биз үчүн маанилүү".

Маалымат үчүн:

"Гaзпрoм нeфть Aзия" компаниясы - "Газпром нефттин" сатуу менен алектенген ишканасы. Ал Кыргыз Республикасында күйүүчү май сатуу рыногунда 2006-жылдын август айынан тарта иштейт. "Гaзпрoм нeфть Aзия" күйүүчү май жана суюлтулган углеводороддук газ менен дүң жана чекене соода жүргүзгөн ири операторлордун бири. Ишкананын карамагында 3 нефтебаза, 38 "Газпромнефть" май куюучу жайы, 1 суюлтулган углеводороддук газ таратуучу база бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: