super.kg logo

Орусияда жасалма документ жасоого шектелип Кыргыз жараны кармалды

 

Москва шаарында Орусиянын жарандыгын жасап берүү кызматын мигранттарга сунуштап жүргөн 29 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган Кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алууга кызмат көрсөтөбүз деп өзүн Кыргыз элчилигинин кызматкери катары тааныштырып келген.

"2018-жылдын январь айында өзүн Дамир деп тааныштырган 30-35 жаштар чамасындагы адам Москва шаарынан 5-6 айдын ичинде жарандык алып берем деп жабырлануучу адамдан 180 000 миң рубль акча каражатын талап кылган. Ал эми жабырлануучу аталган суммадан 63 000 миң рубль акчасын берип, бирок документтеринен дайын жок болуп жатканынан улам тиешелүү кызматтарга кайрылган. Бул боюнча Москва шаарынын Таганск району Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (алдамчылык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган окуяга шектүү катары Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну 1989-жылы туулган К.Т. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда баштыгынан чет мамлекетке чыгуучу паспорттор, мөөрлөр, аскердик билеттер, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр жана Кыргыз жарандарынын миграциондук карталары табылган.

Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү дагы А.А. аттуу аялдан өзүнө жана жолдошуна Орусиянын жарандыгын алып берүү үчүн 166 000 миң рубль акчасын алганы жана дагы бир нече адамдардан алдоо жолу менен акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Учурда шектүү Москва шаарынын Таганск районундагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
20.03.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлек району кайсы айылынан болот экен. Толук жазгыла сураныч. Анан бетин ачып койгула Аты-жөнүн да толук жазгылачы. Мүмкүн башка көп адамдар алдангандыр.
20.03.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
25жыл кесилсин
20.03.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунган деген район Кытайда болбосо эле, Таганкада болсо керек, метронун ичинде да коп турушчу эле, катуу текшеруу болуп жоголуп кеткендей го азыр
20.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх жердеш экенсингоо . Адал акча таап иштесен болот эле эми сага жоок эле дегенде 15 жыл бердиго кош бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: