super.kg logo

Билим берүү министрлиги студенттерди "Медиа Форумдун" алдындагы жыйынга жибергенин мойнуна алды

 

Билим берүү жана илим министрлиги студенттерди "Медиа форумдун" алдындагы жыйынга жибергенин моюнуна алды. 17-марттагы Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттерди жиберүүнү тапшырган министрдин орун басары Кудайберди Кожобековдун колу коюлган расмий документ интернетте тарап, кызуу талкууларды жаратууда. Бүгүн, 20-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул маалыматты тастыктады.

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси Билим берүү жана илим министрлигине Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттердин катышуусу жөнүндө сунушу менен кайрылган. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Аксы окуясынын маанилүүлүгүн эске алып, министрлик студенттердин катышуусу жөнүндө сунушун колдогон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Интернетке тараган расмий документте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана Насирдин Исанов атындагы жогорку окуу жайынан аталган иш-чарага ар биринен 70 студент барышы керектиги тапшырылган.

Белгилей кетсек, 17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.03.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илгери чөп чапканга жиберчүү эле азыр митингге барып калыптыр
20.03.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
7 апрель куну Мискен менен мультимиллионер он мин адам алпычыгабыз деп жатышат.Анда дагын студентерди алпычыгышат экенда.Озу Билим беруу жана илим министири эл шайлаган легитимдуу президент Жээнбековко баш ийеби жэ ошол Мискен менен мультимилионреге баш ийеби.Министирди жумуштан бошотуш керек.
20.03.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кооз суйлошот колдорунан бок келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: