Сириялык фотограф жардыруудан жаракат алган баланы куткарган кесиптешин сүрөткө тартып, 120 миң доллар сыйлыкка ээ болду
Сириялык фотограф жаракат алган баланы куткарып жаткан кесиптешин сүрөткө тартып, ал үчүн 120 миң доллар сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, фотокабарчы Мохамед Альрагеб "Hamdan International Photography Award" деген аталыштагы эл аралык фотосынакка катышып, жыйынтыгында анын сүрөтү баш байгени жеңип, 120 миң доллар акчалай сыйлык алган. Ал өзүнүн кесиптеши Абд Алькадер Хабактын жардыруудан жаракат алган кичинекей баланы куткарууга аракет кылып жатканын сүрөткө тартып алган.

Окуя 2017-жылдын апрель айында Батыш Алепподо орун алган. Эки сүрөтчү өз иштери менен алек болуп жатканда, алардан алыс эмес жерде жардыруу болгон. Хабак камерасын таштап, жаракат алгандарга жардам берүү үчүн чуркап кеткен.

"Кичинекей балдардын ыйын, алардын өлүм алдында жатышканын көрүү оор болду. Андыктан камераны таштап, аларга жардам берүүнү чечтик. Мен кичинекей баланы колума кармап, чуркап бара жатканда кимдир-бирөө аны өлүп калган деп айтты. Бирок ал өлгөн эмес болчу. Мен анын араң дем алып жатканын сезип жаттым", - деген Хабак.
Белгилүү болгондой, сүрөттүн авторунан сырткары, каарманы болгон Хабакка жогоруда аталган сынактын уюштуруучулары тарабынан тайманбастыгы жана эрдиги үчүн сыйлык тапшырылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Baiaman07

20.03.2018. 15:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар
kydyrova_71

20.03.2018. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах ыраазы болсун ушул жигитке.
rysik79

20.03.2018. 16:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек! !!
Snejana

20.03.2018. 23:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала эмне болду экен?, ошону дагы жазып койсо болмок экен.
Sultana17

21.03.2018. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ээзилип сыздап кетти кичинекей аман болду бекен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.