super.kg logo

Оңдоп-түзөө зарыл болгон "Манас айылы" комплекси Бишкек мэриясына өткөрүлүп берилет

 

Бишкектеги "Манас айылы" тарыхый-этнографиялык комплекси мэриянын карамагына өткөрүлүп берилет. Учурда бул боюнча аракеттер көрүлүп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов бүгүн, 20-мартта SUPER.KG'ге билдирди. Ал белгилегендей, комплексти карап, тазалап туруу көп каражатты талап кылууда.

"Азыр бул комплексти оңдоп-түзөө үчүн инвестор издеп жатабыз. Бирок аны карап, тазалап туруу көп каражатты талап кылып жаткандыктан, мэрияга өткөрүп берүүнү туура деп ойлодук. Мэриянын карамагына өткөндөн кийин деле мэрия өзү иштетпейт, бирге инвестор издейбиз. Комплекс оңдоодон өтсө жакшы эле киреше алып келет. Анткени Бишкекке жылына бир миллиондой турист келет. Ар бири кирип чыкса жакшы акча түшөт", - деди Жаманкулов.

Комплекс учурда "Бишкек" эркин экономикалык аймак кызматынын карамагында турат. Комплекс Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы курулган. Акыркы жолу 2010-жылы оңдоп-түзөөдөн өтүп, андан бери курулуштары каралбай эскирип кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: