Хасан Рухани Ирандын президенти болуп шайланды

Иранда 14-июнда өткөн президенттик шайлоодо 64 жаштагы шииттердин лидери Хасан Рухани жеңди. Маалыматка ылайык, ал добуштардын 50,7 пайызын алган. 2-орунда Тегерандын мэри Мохаммад Бакар Калибаф көп добуш топтогон. Ага шайлоочулардын 16 пайызы добуш берген. Шайлоого калктын 72,7 пайызы катышты. Президенттик шайлоого 6 талапкер катталган. Белгилүү болгондой, Х.Рухани шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгондуктан шайлоонун 2-туру болбойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

