super.kg logo

Нооруз – O!Store дүкөндөрүндө бардык аксессуарларга -21 пайыз арзандатуулар үчүн жагымдуу себеп

 

Жазгы күн менен түндүн теңелишинин майрамынын алдында О! Мобилдик оператору бардык кыргызстандыктарды 21-мартта O!Store дүкөндөрүндөгү майрамдык акцияга катышууга чакырат.

"Бардык аксессуарларга -21% арзандатуу" акциясы 1 күн – Нооруз майрамынын урматына 21-мартта өтөт. Бул күн акцияга катышкан ар бир кардар O!Store дүкөндөрүндөгү аксессуарлардын бардык ассортиментине жагымдуу бонус -21% арзандатууга ээ болот.

Зымсыз акустикалык колонка

Жашоосун музыкасыз элестете албагандар үчүн идеалдуу белек. Досторуңуз менен жагымдуу кече уюштуруп жатасызбы же тоого барып эс аласызбы? Жаныңызга баасы 1500 сомдон башталган зымсыз акустикалык колонканы алып алыңыз. Майрам күнү, 21-мартта мындай колонканын баасы 1185 сомду түзөт! Колонканы бул жерде: OSTORE.KG тандасаңыз болот.

Зымсыз Bluetooth кулаккаптар

Коомдук транспортто же эртең мененки чуркоо учурунда зымсыз Bluetooth кулаккаптары сиз үчүн алмаштыргыс буюм болуп саналат. Сиз аларды мыкты добушу, ынгайлуулугу жана зымдарынын жоктугу үчүн аларды жакшы көрүп каласыз. Майрамдык арзандатуусу менен баасы 869 сом, кадимки күндөрү алар 1100 сомдон турат. Бардык ассортиментти OSTORE.KG сайтынан көрсө болот.

Тышкы аккумуляторлор

Чакан тышкы универсалдуу аккумулятор мобилдик телефонду же фотокамераны кубаттандыра турган заманбап кишиге керектүү түзүлүш. Аны жолго да алып алсаңыз ыңгайлуу – ар дайым кол алдыңызда азыктануунун ишенимдүү булагы болот. Мындай түзүлүштөрдүн майрамдык баасы – 632 сомдон башталат, кадимки күндөрү 800 сомдон сатылат.

Моноподдор

Селфи сүйүүчүлөр өзүнө -21% арзандатуу менен селфи-таякчаны белек кылуулары мүмкүн. Натыйжада, жеке жана досторуңуз менен чогуу сүрөткө түшүү үчүн бул девайсты сиз төрт жүз сомдун ордуна акциялык баа менен болгону 316 сомго сатып аласыз.

21-мартта майрамдык кыдырууларга чыкканда, жалпы өлкө боюнча бардык O!Store дүкөндөрүнө кирип, керектүү аксессуарлардан тандап алсаңыз болот: алар телефондордун каптары, коргогуч айнектер, плёнкалар, кармагыч-шакектер, кабелдер, переходниктер, адаптерлер болушу мүмкүн. - 21% арзандатуу бардык O!Store тармактарында, ошондой эле онлайн-тапшырыкты жол-жоболоштуруу үчүн OSTORE.KG сайтында бир гана күн жүрөт.

Майрамдын алдында О! Мобилдик оператору жана O!Store дүкөндөр тармагы бардык кыргызстандыктарга чың ден соолук, ийгилик, бакыт таалай, бакубатчылык каалап, ой-максаттардын ишке ашышына тилектештигин билдирет!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: