super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ: Мындан 103 жыл мурун белгилүү акын Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген

 

Кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун, Каптал-Арык айылында 1915-жылы 21-мартта туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган.

Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш Ленинчил" гезитинде "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн.

Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экендигин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж. б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун акын катары даңкы каза болгондон кийин чыкты. Адегенде аны туурап жазган акындардын бүтүндөй мууну келди. Бара-бара адабиятта өзүнчө “Осмонов мектеби” пайда болду. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы "күмүш доор" деп аталып жүргөн адабий доордун керегесин тикелеп, каалгасын ачкандардын негизгиси - Алыкул Осмонов экенин азыр ар бирибиз билебиз. Ал эми эгемендик заманында Алыкулдын аты өзүнчө эле коомдук символ, улуттук культ болуп кетти, моралдык тазалыктын, руханий аруулуктун бирден-бир үлгүсүнө айланды.

Тарыхта түбөлүк калыш үчүн аябай көп жазып, калың китептерди, сандаган томдорду чыгарыштын эч бир кереги жок окшойт. Алыкул бир нече гана чыгармасы менен, классика болуп калган бир катар лирикалары жана поэмалары менен төл адабиятыбыздын эң төрүнөн орун ээледи.

"Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим", - деген улуу лирик, кайталангыс философ, жаңы кыргыз адабиятынын баштоочусу Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.

21-марттын жылнаамасы.






Алыкул Осмонов - Отуз жаш

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналат

Алыкул Осмонов - Сулууга

Алыкул Осмонов - Ысык-Көл

Алтынбек Каленов - Сулууга (Мезгил жана Алыкул тасмасына саундтрек)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
Медиа-портал
21.09.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трейлер или соундтрек?
Медиа-портал
21.09.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kolyan, кечиресиз, түздөп койдук. :)
Медиа-портал
21.09.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
киносу жакшы болгон.жакында кайра кинотеатрдан бериле баштайт,барып корсонуздор арманда калбайсыздар.
Медиа-портал
21.09.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo sonun kino bolgon okwoit.akter Alykuldun ozu go.
Медиа-портал
21.09.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oo sonun yr. moladsy. biz kinosun kachan korobuz tezirek juktogulochu?
Медиа-портал
22.09.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз кереметин жарата ала турган тасма!Молодцы!Айдай эже профессионал актерлор ,профессионал группа менен иштегени корунуп турат.
Медиа-портал
22.09.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Медиа-портал
17.10.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен коруш
Медиа-портал
17.10.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыкул Осмонов. ырлары кандай жагымдуу. Эч качан атын очпосун тарыхтан.
Медиа-портал
17.10.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыссык-кол кээде тынч да кээде толкун .
Толкуса толкунуна тен ортокмун.
Турмушта канча жолдош кутсомдагы.
Бир сырдуу сендей жолдош куткон жокмун.
Медиа-портал
17.10.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kozu otup ketkenden kiyin syilap kalabyz kyrgyzdar
Медиа-портал
17.10.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын легендарлуу акыны,алтын акыны Алыкул Осмонов.Мин мертебе таазим этем.
Медиа-портал
18.10.2012. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа не бир керемет
Медиа-портал
18.10.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу деген - сузуп отуу денизден...
Медиа-портал
18.10.2012. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыргызым бир учун которо алгыз ырдан килем согом" деген максаты бар эле...
Медиа-портал
27.10.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасма улуттун руханий доолотун даназалаган ,Алыкулдун образын бере алган мыкты тасма
Медиа-портал
27.10.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Алыкул учунбул дуйного жаралгандай.Актер туура тандалган.
Медиа-портал
27.10.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз жылдын мыкты актеруна татыктуу!Чынгыздан башка татыктуу жок.
Медиа-портал
20.07.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун! Музыка, Ысык-Көл, Алыкул, кулакка жагымдуу үн!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: