super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат. Баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, келечектин камын көрөт.

Элибиз Ноорузду илгери үмүт, жакшы ниет менен тосуп, аманчылык тилеп, жакшылыкка умтулат. Быйыл дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттарды белгилеп, келечекке багытталган кадамдарды жасап жатабыз.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргыз мамлекетинин көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз. Кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз. Нооруз майрамыбыз эгемендүү Кыргыз элинин ынтымагын чыңдасын. Биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын.

Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды, бакубат жашоо, бакыт-таалай алып келсин! Дасторконубуз нанга толсун, жергебизде молчулук, тынчтык жана биримдик болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, гүлдөп өнүгө берсин! Нооруз майрамыңыздар менен!" - деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.03.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат улуу урматтуу Президент!
21.03.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raxmat
21.03.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Не жетсин бул омурдо сыйлашканга, Не жетсин бул омурдо сырдашканга, Убакыт жетпей калат экен кээде, Сиздер менен сырдашып, мундашканга, Кен болсун Кыргызымдын керегеси, Кетпесин тууган- урук берекеси, Баарыбызга нурун чачып келген, Куттуу болсун НООРУЗ майрам маарекеси!
21.03.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буткул Кыргызстандыктарды кирип келген Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм.
элибиздин ден соолугу мыкты болсун.олкобуз жакшы жагынан алга кадам таштай берсин
21.03.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин президентим!!! эл журт ажобузду колдоп берсек, көп адамды кустурат буюрса!!!
21.03.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
abdamit,сенин президентиң досунун буйругу мененби? Шашылба досуда эртең эле кайтып келет!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-21 12:08:09
21.03.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чык эшикке!!!!
21.03.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин пpeзидeнт!
21.03.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздинда Нооруз майрамыныз мн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: