Япониянын өкмөтү Бишкектеги атайын балдар мектептерине жардам көрсөттү
Япониянын өкмөтү Бишкектин мектепке чейинки атайын адистешкен 11 мекемесине жана 3 кошумча көмөк берүүчү мектебине ашкана инвентарын алмаштыруу үчүн 114,2 доллар бөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекемелерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуйт. Атайын мекемелерге жардам Япония өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында берилген. Аталган долбоор Бишкектеги атайын адистешкен мектепке чейинки мекемелердин жана кошумча көмөк берүүчү мектептердин шартын жакшыртууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

