super.kg logo

Улуу Британиянын министри Путинди Гитлер менен салыштырды. Орус тарап жооп берди

 

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон парламенттин алдында сүйлөп жатып, Орусиянын президенти Владимир Путинди мурдагы фашисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер менен салыштырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Жонсон Адольф Гитлер 1936-жылы Берлинде Олимпиада оюндарын Германиянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн пайдаланганын айтып, Путин да футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти ушул максатта өткөргөнү жатканын айтты.

"Бир канча эл аралык кийлигишүүлөр болуп, бойкот жарыяланып, коркунучтар турганына карабастан Гитлер оюндарды өткөргөн. Азыр да Орусия ырайымсыз бузулган режим менен баратат. Биздин спорт күйөрмандарыбыздын коопсуздугу боюнча шашылыш сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүбүз керек", - деди Жонсон.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Борис Жонсонго жооп кылып, анын сөздөрүн ылайыксыз, орунсуз жана адеп-ахлактан тыш деп атады.

"Бул европалык өлкөнүн дипломатиялык мекемесиндеги жетекчинин өз кызматына татыксыздыгы. Учурунда дал ошол улутчулдукка каршы күрөштө миллиондогон адамдардын каны төгүлгөн, анда бүтүндөй Европа да бошотулган. Ал эми биздин өлкөгө бул салыштыруу ылайыксыз", - деди Захарова.

Белгилей кетсек, 1936-жылы Германияда өткөн жайкы Олимпиада алдында АКШ оюндарды адилеттүү өтүшүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү демилгеленген. Бул Гитлер лидерлик кылган Германиядагы улутчулдарды пропагандалоого жол ачат деген кооптонуудан улам келип чыккан. Берлин олимпиадасына бойкот жарыялоо боюнча кыймыл түзүлүп, ага бир канча Европа өлкөлөрү, АКШ жана түрдүү өлкөлөрдөн Олимпиада оюндарына атыккан еврей улутундагы спортчулары кирген. Анткен менен бойкот жарыялаган өлкөлөрдүн ичинен Берлин олимпиадасына катышуу үчүн 1935-жылы АКШ биринчи кадам таштаган. Башка өлкөлөр да АКШнын чечимин колдоп, Берлин олимпиадасына спортчулардын 49 командасы катышкан.

Ал эми Орусияда быйыл 14-июндан 15-июлга чейин футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөрү күтүлүүдө. Оюндар Орусиянын 11 шаарындагы 12 стадионго пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.03.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
гитлер Адольф бул чыныгы фашист болгон.Борис Жонсон сен Путиндин XXXX да окшобойсунго негизи бул коро албастыкда
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 13:16:06
22.03.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жүн баш кайсы аарына тейтеңдейт, Путин дүйнөлүк саясатты семичкедей чагат, сен Жонсон саясатта пешкасын, ХХХХ олтура берсең
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 13:58:32
22.03.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет,кербен журо берет дегендей эле кеп
22.03.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путиндин ХХХХ куурай сая албайсынар!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-22 15:24:41
23.03.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европа менен АКШ Путинден чыеында аябай коркушат, себеби ал дгйнөлүк лидерликке айланды, канчалык европада русофобияны пропагандалабасын эли Путинди дүйнөлүк лидер деп айта баштаганына көп болду уже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: