super.kg logo

Марк Цукерберг колдонуучулар жөнүндө маалыматтын таралышы тууралуу үн катты

 

Марк Цукерберг колдонуучулар тууралуу маалыматтын таралышы тууралуу үн катты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Кембридж университетинде жана  "Cambridge Analytica" эмгектенген Александр Коган аттуу профессор Фейсбуктагы баракчасы аркылуу   онлайн-тесттен өткөн  50 миллиондон ашык колдонуучу тууралуу маалыматты алардын уруксаты жок алып анализдеген. Анализдин жыйынтыктары алардын каалоосуна жана тандоосуна таасир этүүчү программаны иштеп чыгууда колдонулган. Бул тууралуу компаниянын мурдагы кызматкери Кристофер Уайли айтып чыккан.

Окуя тууралуу эч кандай комментарий бербей жаткан Цукерберг: "Биздин компания 2014-жылы тиркемелерге колдонуучулар жана алардын достору тууралуу маалыматты чогултканга тыюу салган. Бирок биз каталарды дагы кетириптирбиз. Эми биз коопсуздук маселелерин жогорку деңгээлде чечебиз", - деп билдирген.

Ошондой эле Цукерберг "Cambridge Analytica" жана "Facebook" компаниясынын ортосундагы кызматташтык бузулганын билдирип, Фейсбукка өзү тууралуу маалыматты ишенген колдонуучулардын ишенимин кайтарып алуу үчүн чаралар көрүлөрүн айткан.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: