Өлкөдө апрель айында 3 күн катары менен эс алуу болот
Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик кызматкерлери апрель айында 3 күн катары менен эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков "Кыргыз Республикасындагы дем алыш күндөрүн жылдыруу" боюнча токтомго кол койгон. Токтомдун негизинде 7-апрель (Апрель революциясы) ишемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү дүйшөмбү күнгө, 9-апрелге жылдырылды.
Ошондой эле 30-апрелдеги иш күнү 28-апрелге жылдырылды. Бул орун алмашуу бюджеттик мекемелерде, 5 күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлердин 29-апрелден 1-майга чейинки 3 күн эс алуусун камсыздайт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
1

Мугалимдер дем алган күндордү толуктап окута берип түйшүктүн үстүнө түйшүк кошулду...