Орусиялык ырчы Витас үйүнүн короосунан ок чыгарып, сурак берди
Орусиялык белгилүү ырчы Витас Москванын сыртындагы Барвиха аймагындагы үйүнүн короосуна чыгып, талаага ок чыгарган. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Витас деген каймана ат менен таанылган ырчы Василий Грачев тапанча менен ок чыгарган. Бул иш боюнча ырчыдан түшүнүк кат алынды", - деп берилет укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматта.
Азырынча Витас эмне себептен ок чыгарганы маалым боло элек. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Триллерди кобурок коруп алган окшойт Витас акам