super.kg logo

Өлкөдө 7 жаштагы 7 миң баланын саламаттыгына изилдөө жүргүзүлөт

 

Өлкө аймагындагы 7 жаштагы балдардын ден соолугунун чыңдыгына жана физикалык жактан өсүп жетилүүсүнө долбоордун алкагында изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн кырктай адис атайын окутуудан өткөрүлгөн.

"Долбоор Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мекемесинин демилгеси менен ишке ашырылууда. Аталган изилдөөнү өлкө аймагындагы мектептердеги 7 жаштагы балдарга жүргүзүү пландалууда. Иш-аракеттер адистер тарабынан аймактарда 1-апрелден башталат. Алар балдардын салмагынын аздыгынын же ашыкча салмактуулуктун себептерин аныкташат", - дейт Исмаилова.

Айта кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мекемеси 30 миң доллар каражат бөлгөн. Өлкө боюнча 150 мектеп тандалып, андагы 1-2-класстын окуучуларына изилдөө 1 ай жүргүзүлөт. Атайын түзүлгөн графиктин негизинде 7 миңге жакын 7 жаштагы балдардын ден соолугуна байкоо жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле маалымат жыйынында изилдөөнүн толук жыйынтыгы сентябрь айында чыгары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: