super.kg logo

Санкт-Петербургда мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган эл аралык илимий конференция өтөт

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган эл аралык илимий конференция өтөт. Иш-чара Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) жарыялаган Маданият жылынын алкагында 23-мартка белгиленген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция Санкт-Петербург шаарындагы Таврика сарайында өтөт. Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, КМШ Парламенттик аралык ассамблеясынын, КМШ өлкөлөрүнүн илимий интеллигенциясынын, Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер менен студенттер катышат.

Бул иш-чара Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Исхак Раззаков атындагы коомдук фондунун көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Эл аралык илимий конференция КМШ өлкөлөрүнүн элдерине өзгөчө татаал жана оор 1950-1961-жылдарда республиканын башында туруп, анын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Раззаковдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгүнөн кеңири маалымат берүү максатын көздөйт.

Мындан сырткары, бул күнү Кыргыз дипломатиясынын негиздөөчүсү, кыргыз-орус мамилелеринин башатында турган Тилекмат аке Жылкыайдар уулунун эстелиги салтанаттуу түрдө орнотулмакчы.

Көрүнүктүү советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмер Исхак Раззаков 1950-1961-жылдардагы Кыргыз Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
22.03.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен таза болсон, мен таза болсом, биз таза болсок коом таза болот.
22.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу,чыгаан инсан,жаткан жери жайлуу болсун
22.03.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Касташуудан кач бирок адилеттүүлүктөн тайба! И.Раззаков.
23.03.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Литвалык революцинер А.С.Снечкус бир жолу Раззаковдон сурайт экен "Исхак Раззакович,правда ли,говорят Кыргызы руками кушает?"деп,анда Раззаков "Да,да,все правда,даже суп руками кушают,разве есть люди которые ногами едят"деп өчүргөн экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: