Мискенбаев: "Өлтүрүп эле коюшпаса эч кимисинен коркпойм"
"Асылбек Жээнбеков мени "провокатор" дегендей агасы же аялы менен уруштурган жокмун", - деп 22-мартта SUPER.KG порталына "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев билдирди.
Мискенбаев Асылбек Жээнбековдун татыксыз деп айткан сөзү катуу тийгенин айтты.
"Мени ата-энем татыктуу кылып өстүргөн. Эч кимден коркпойм. Эгер өзү татыктуу болсо, агасы президент болгондон кийин өзүнүн айткан сөзү боюнча мандатын тапшырышы керек болчу. Азыр мени фракциянын депутаттары партиядагылар колдобой жатат. Бир жумадан бери кысымдар болууда. Мени коркутуу натыйжасыз. Анткени мен Бакиевдин убагында мындан да катуу кысымдан өткөм. Бакиевдин инилери дагы агабызга кийлигишпейбиз деп айтышкан. Аягында кийлигишип башташкан.
Президенттик шайлоонун алдында сентябрда Таластын эли Сооронбай Жээнбековдун бир туугандары бийликке кийлигишпейби деп сурашкан. Ошол учурда мен штаб жетекчиси Фарид Ниязовдон сураганда Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыра турганы тууралуу сөз болгон. Эми айткандын оозу жаман болуп, мени жаман көрүп жатышат. Убакыт өткөндөн кийин эл мени колдойт. Асылбек Жээнбеков Жаныш Бакиевден үлгү албаптыр. Мени коркуткандары натыйжасыз экенин дагы бир жолу айткым келет. Өлтүрүп эле коюшпаса эч кимисинен коркпойм", - дейт Мискенбаев.
Эске салсак, 17-мартта Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.
Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын бир гана эл ала турганын журналисттерге билдирген. "Мээрбек Мискенбаев - провокатор, татыксыз. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун жакшы иштерин көрө албай жатат", - деген пикирин билдирген.
кошулду

Биринин кочугун бири тырмап. Бирин эки кылып, битин сирке кылып ушулардыкы отту. .
дейби? Бакиевдин убагында аты-жыты билинбей эле жургон эме эле. Краска сатып базарда отурган Бакиевтин убагында анда не краска сатба деп кысым кылыптырбы Мискенбаев сен кантип жа[moderated]рленип жатканынды эл билет колундан эмне келди эле тантып суйлогондон башка эч нерсе колундан келбейт эн жакшысы краска сатып базарында отура берсен тынч кысып коюп