super.kg logo

ИИМ: "Эки күндө атайын операция жүргүзүп, издөөдө жүргөн 137 адамды колго түшүрдүк"

 

Эки күндө издөөдө жүргөн 137 адам колго түшүп, камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов 22-мартта кабарлады. Анын айтымында, кармалгандар Орусиянын аймагында кылмыш иштерине шектүү болуп качып жүрүшкөн.

"14-15-март күндөрү Орусиянын ИИМинин Кылмыш иликтөө кызматынын 12 адамдан турган тобу менен биздин министрлик Кыргыз мамлекетинин аймагында эл аралык издөөгө алынган адамдарды кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Операциянын жүрүшүнө ички иштер органдарынын 3 миң 400 кызматкери тартылып, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди издөө жана алар жөнүндө маалыматты иштеп чыгуу боюнча топтор уюштурулган. Операция учурунда оор кылмыштар жана адам өмүрүнө кол салуу, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, каракчылык, зордуктоо жана тоноо фактылары боюнча издөөдө жүргөн 137 кылмышкер кармалды. Анын ичинен 64 кылмышкер - Орусия тарабынан эл аралык издөөдө жүргөндөр. Алардын баары Орусиянын аймагында кылмыш кылып, Кыргыз мамлекетинин аймагына качып келгендер. Ошондой эле дайынсыз жоголгон 61 адамдын кайда жүргөнү аныкталып, каза болуп таанылбай калган 19 адамдын аты-жөнү такталды.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын багыты боюнча 15 баңги кылмыштуулугу аныкталып, анын ичинен 48 килограмм 528 грамм мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңгизаты алынды. Аталган иш-чараны жүргүзүү эркиндикте жүрүп мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоону улантышы мүмкүн болгон кылмышкерлерден коомду тазалоого жана аларды кармоого түрткү берди", - деди Сеитов.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.03.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иштесе болот экен го!
22.03.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jon koiso alar bizge kelip kyrgyzdardy olturup, bangige tartyp, kyzdarybyzdy zorduktap kylymysh kylmakda xxxx
22.03.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keede tazalap turuga ne jetsin
22.03.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши онолордун ити чоп жейт.
22.03.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап кылмыш кылган болсо мейли жакшы иш кылган болушат. А бирок курулай мойнуна алдырабыз уруп анан ошо мн жогорулаймын десе милиция адашат.Кайтар дуйно деген бар
22.03.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой ишенбейм ай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: