super.kg logo

"Дан" ишканасынын жетекчиси Алга Кылычов Мавлян Аскарбековго каршы 70 миллион сомдук доо арыз берди

 

"Дан" ишканасынын башкы директору, "Бириккен элдик кошуундардын" төрагасы Алга Кылычов "ар-намысыма шек келтирди" деген жүйө менен жарандык активист Мавлян Аскарбековду сотко берип, андан 70 миллион сом талап кылып жатат. Кылычов өзүнүн беделине шек келтирген сөздөр Аскарбеков тарабынан эки жылдан бери байма-бай айтылып келгендиктен, сотко берүүгө аргасыз болгонун SUPER.KG'ге түшүндүрүп берди.

"2016-жылы "Кыргызтудей.кж" сайты жок сайтка шилтеме келтирип Мавлян Аскарбековдун менин ар-намысыма шек келтирген сөздөрүн жарыялаган. Макала да лакап ат менен жарыяланган окшойт, белгисиз. Мындан кийин ал интернетке мени шылдың кылган сөздөрүн жазып келди. Жалгыз гана менин эмес, "Бириккен элдик кошуундардын" мүчөлөрүнө да шек келтирип жатат. Ошондуктан буга чыдабай Аскарбековго, сайтка жана макаланы жарыялаган авторго карата каршы 70 миллион сомдук доо арыз бердим. Аскарбеков кылган аракети үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Атын айтпай эле коёюн, эки жылга жетпеген убакыт мурун Аскарбековдун журналист тарапташы "ар-намысыма шек келтирди" деп мага карата 70 миллион сомдук доо арыз берген. Азыркыга чейин унчукпай эле ак экендигимди далилдөө үчүн соттошуп жатам. Ошондуктан эмне үчүн Аскарбековдун бирөөлөрдү басынтканы туура болот да менин сотко бергеним туура эмес болуп калсын. Жок дегенде ошол басылма менин да үнүмдү угуп койсо унчукмак эмесмин", - деди Кылычов.

Алга Кылычов билдиргендей, ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 17-апрелде карап баштайт.

"Чынында сотко арызды эки ай мурун бергем. Бирок кошумча материалдар тиркөө керек болуп, сот арызды кароодон эки жолу баш тарткан. Адвокаттар менен кеңешип, материалды толукталгандан кийин сот арызды кабыл алды", - деп кошумчалады ал.

Ал эми Мавлян Аскарбеков Кылычовдун дарегине карата эмне үчүн сын-пикир жазганын айтып берди.

"Кылычов 2010-2011-жылдары оппозиционер болуп менин жанымда жүргөн. 2012-жылы эле КСДП партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп чыга калды. Ошондон улам "ал менин жанымда жүрүп, мен тууралуу маалыматтарды УКМКга берип жүргөн болушу мүмкүн" деген ойду жазгам. Андан сырткары кийин оппозиционерлер митингге чыгып жатканда аларга каршы акцияларды уюштуруп, бийликтин камчысын чаап жүргөн. Бул факт. Убагында Мелис Турганбаевге жардамчы же кеңешчи болуп күбөлүк алып жүргөн, жанында тапанчасы да бар болчу.

Кийин таптакыр иштебеген адам мамлекеттик "Дан" ишканасына башкы директор болуп калды. "Оппозицияга каршы митингдерди уюштуруп жүргөн адам бул кызматка кандай жол менен келип калды, дегеле мыйзамдуубу?" деп жазгам. Эки жыл убакыт өткөндөн кийин сотко берип, тарыхта болбогон сумманы өндүрүүнү көздөп жатат", - деди Аскарбеков.

Аскарбеков Кылычовдун сотко берип жатканынын себеби башкы прокурор, ички иштер министри жана УКМКнын жетечисин кызматтан кетиши керектигин айткан сөзүнөн кийин болуп жатканын кошумчалады.

"Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин февраль айындагы жыйынында күч органдарында ашынган коррупция бар экенин айткандан кийин мен аны колдоп, башкы прокурор, ички иштер министри жана УКМКнын жетекчисин кызматтан кетиши керектигин айтып журналисттерге маек бергем. Мына ушундан кийин Кылычов мени сотко берип жатат", - деп толуктады Аскарбеков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
22.03.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мышыка оюн, чычканга олум, болгон турбайбы.
22.03.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга Кылычов ду мен деле эч жерден коргон эмесмин иштегенин.
22.03.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну кечээ уктум эле
22.03.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калып журом акыркы кундору,Кыргызстан жакыр олко деп темселеп канча миллион элибиз чет жердеп иштеп,арандан зорго уй салып,балдарыбыздын келечегин ар Ким колунан келишинче тузуп журобуз,анан кайдан эле миллиондогон штрафтарды салып атышат,кайдан алынган сумма?кайдан табылган сумма айткылачы туугандар?
22.03.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул киши озун аябай баалаптыр, 7000 сом десе же 10 мин деп айтса жарашмак.
22.03.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
З жылдан Россия, Туркия, Дубайда Бишкектен уй алайын деп тытынып иштеп журом. Андан коро тытынбай эле бироону сотко берип 2 миллион ондуруп уй сатып алган он эмесби?((. Албетте бул тамаша. Сотко берерде биринчи ойлонсо "кочукко тепсе кок тыйын тушбойт". Беделин 70 миллионго баалайт. Бизнестин эн оной туру
22.03.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мекен учун тартынбай суйлоп турган ушундай жигиттердин болгонуда жакшы. азыр айдоочу болуп журуп ак уйду башкарган, катчы болуп журуп ген.прокурор болгондор чыгып атты. Туура эле маселени аткан экен Мавлян.
jbolotov түзөттү 2018-03-22 23:36:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: