super.kg logo

Европа биримдигине кирген өлкөлөр акысыз интернет менен камсыз боло баштайт

 

Еврокомиссия Европа биримдигине кирген 28 өлкөнү жана Норвегия, Исландия мамлекеттерин акысыз интернет менен камсыз кыла турган "Европа үчүн бирдиктүү тармак" долбоорун кабыл алды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Долбоордун биринчи этабында калк жыш жашаган 1000 аймактын коомдук жайларына акысыз интернет таратуучу жабдыктар орнотулат. Ал үчүн ар бир өлкө үчүн Евробиримдиктин казынасынан 15 миң евро бөлүнөт.

"Биз буга чейин колдонуп келген кызматтын аймагын кеңейтип, колдонуучуларын көбөйтөбүз. Андыктан Европа мамлекеттерин да кошууну туура көрдүк", - деп билдирген экономика комиссары Мария Габриэль.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы бюджеттен 120 миллион евро бөлүнгөн. Кабыл алынган программанын максаты - колдонуучулардын кызыкчылыгын коргоо, адамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана коомдо активдүү болууга дем берип, кызыктыруу. Бул долбоордун кызматын пайдаланууну каалаган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү азыртан арыз берсе май айында каражат бөлүнөрү да айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(5)
22.03.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз мындайга тоонун куйругу жерге тийгенде жетебиз го эми.
22.03.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
pat12,жетпейсин андайга эч качан
22.03.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага
22.03.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы. бизде набарот наркы көтөрүлөт
22.03.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге да интернет баардык аймакка жеткиликтүү кылып беребиз деп акча берет дебедиби?!Ошондо ТС чыккыла дейби? Анан чоңдор акырын оой башташат! ТС Буйруса бекер интернет болуп калаар. Вова байке өзү кайра ажо болду бир жооп кылаар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: