super.kg logo
  Спорт  

UFC'нин чемпиону Аманда Нуньес: "Валентина Шевченко менен 3-беттеш кызыктырбайт. Ал жөн гана Валентина"

 

Эрежесиз уруш боюнча эң ири уюм UFC'нин чемпиону Аманда Нуньес Валентина Шевченко менен 3-беттешти өткөргүсү келбей турганын билдирди. Ал жогорку же ылдыйкы салмак категорияга түшө турганын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, учурда Шевченко менен 3-беттеш аны кызыктырбайт. "Билесиңерби, ал жөн гана Валентина. Мен мыкты болгондуктан, ал мен жөнүндө айтып турат. Анын мени утуп алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар болчу, туурабы? Бирок мен аны 2 жолу тең утуп алдым. Шевченко 2-беттешти мыкты өткөргөнү менен титулду жеңе алган жок. Мен азыр Ракель Пеннингтон менен өтө турган беттешке даярдык көрүп жатам. Мындан ары эмне боло турганын айта албайм. Азырынча өз дивизионумда мен эң күчтүүмүн. Мүмкүн эң жеңил салмак категорияга же жарым-жеңил салмак категориясында өзүмдү сынап көрөм. Пеннингтон менен беттеш менин карьерамда эң маанилүү. Мен чемпиондук курумду сактап калышым керек" - деген Нуньес.

Белгилей кетсек, Аманда Нуньес менен Ракель Пеннингтондун беттеши Бразилиянын Рио шаарында 12-майда орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
22.03.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Калыстардын жардамы менен утуп алганын унутуп калган го. Коркконунан качып атканын билгизгиси келген эмес экен Аманда кыз.
22.03.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аманда аман эле бол.
22.03.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Валя сени чемпион деп тааныйм лично мен бойду коргом калыстар сен жакта эмес екен Алга Валя алдындан чыкканды чачырата бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: