super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте көп кабаттуу үйдүн балконунан секиребиз деп жаткан 2 бала куткарылды" дейт окурман

 

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн балконунан секиребиз деп жаткан балдар куткарылды. Маалыматты окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирип, окуяны сүрөткө тартып жөнөттү.

Билдирүүгө ылайык, балдардын секиребиз деп жатканын коңшулары өз убагында байкап калышкан.

"Коңшулар байкап калып, балдарды токтотуп, шаты, аркан табышкан. 2 студент бала аларды балкондон жерге түшүрүшкөн. ӨКМ менен милиция кызматкерлери да өз учурунда келип калды. Алар балдардан "эмнеге балкондон секиребиз" дедиңер деп сураганда "Сырттагы балдардын ойногонун көрүп ойногубуз келди. Ата-энебиз эшикти сыртынан бекитип кетишкен" деп жооп беришти. Балдардын бири 6, экинчиси 3 жашта экен", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.03.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ииий ананайындар аййй... Аман эсен калгандарына кудайга мин ирет ыраазычылык...
22.03.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ата-эне неге камап кетет. Нянка жалдабайбы. Же каражат жетишсизби. Эне үйдө отурса да болотда. Балдар чоңойгуча нянка жалдашка алы жетпесе. Кудайга шүгүр элдер көрүп куткарып калыптыр. Кудай колдосун куткаргандарды.
22.03.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр.кантип коркпой ушу кичине балдарды үйгө камап кетишти экен ата-энеси?
22.03.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай чоң сактаптыр,апасы камап кетет экен балконду ачалбай турган кылып кетпейби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: