super.kg logo
  Спорт  

Азамат Байматов: "Биз бул жеңишке жетүү үчүн узак жолду басып өттүк"

 
Кыргыз курамасынын күйөрмандары, алардын арасында Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан.

Бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын жеңип алды. Бул жеңиш менен Кыргыз футболчулар 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо камсыздай алды. Кыргыз курама командасынын капитаны Азамат Байматов SUPER.KG порталына жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

"Биз бул жеңишке жетүү үчүн узак жолду басып өттүк. Кыялыбыз орундалып, биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык оюндарына жолдомо алдык. Биз команда ичинде бири-бирибизге ишенип, бизге жүктөлгөн жоопкерчиликти актоого аракет кылдык. Команданын атынан жалпы федерацияга, машыктыруучуларга, ошондой эле бизге жан тартып, бизди алдыга сүрөп турган ар бир мекендешибизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз", - деди Байматов.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип алды. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз курамасынын оюнчусу Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, Ислам Шамшиев, Виталий Люкс жана Бекжан Сагынбаев бирден гол киргизишкен.

Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. Ал эми 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(11)
22.03.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жэнишинер менен куттуктайм!Спорт менен намысты Кыргызстандыктардан эч ким талашпай эле койсун!Туура суйлодумбу мекендештерим))))
KGstan1981 түзөттү 2018-03-22 18:13:00
22.03.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
KGstan1981,Канатка Караганда тузуксун
22.03.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн соонун бактылуу коз ирмемдерго. Алга Кыргызстан.
22.03.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар. Кылыч байке дагын азамат
22.03.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстан дагы канча оюн ойнот билгендер айтып койгулачы
23.03.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratmipa, 27-мартта Кыргызстан -Индия оюну болот. Бишкекте болсо керек.
22.03.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун азаматсынар кыргыздын желегин бийик которуп журо бергиле кыргызстанда спортту мамалекет жагынан колдоо болгондо кыргызстан качан эле дуйно чемпиондор болмок бирок биздин жеп жуткурлар бул нерсени ойлошпойт кара курсагын ойлошот
23.03.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байматов тамашоунун эле коп жолун басты
23.03.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байматов сен капитандыкты Антонго эле бер, сен ойнобой эле койчу.
23.03.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Busurman,капитан созсуз гол киргизиш керекпи
24.03.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы! Кыргызстан Алга. Эми буйруса Индия курамасын да женебиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: