super.kg logo
  Спорт  

Антон Землянухин Кыргыз-Мьянма беттешинин мыкты оюнчусу аталды

 
Кыргыз курамасынын күйөрмандары, алардын арасында Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу Антон Землянухин Кыргыз-Мьянма беттешинин мыкты оюнчусу аталды.

Бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын 5:1 эсебинде жеңип алды.

Бул беттеште Антон Землянухин негизги курамда чыгып, оюндун жүрүшүндө 2 гол киргизгенге үлгүрдү. Ал атаандашынын дарбазасына биринчи голун 5-мүнөттө киргизсе, экинчи голун 2-таймда киргизди. Беттештин аягына 10 мүнөт калганда, Антон Землянухиндин ордуна оюн талаасына Бекжан Сагынбаев чыкты.

Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.

Мындай көрсөткүч менен Кыргыз улуттук курама командасы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына алдын ала жолдомо камсыздай алды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
22.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат мыкты ойнодунар зашита таш болду тартып аллуу 100 працент болду алга акшумкарлар
22.03.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар силер менен сыймыктанабыз кыргыздын желегин желбиретип журо бергиле ийгилик
24.03.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байматов деген популярный бар эле ал каякта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: