super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери 20 жылдан ашуун жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталып, кылмыш иши козголду

 

Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери 20 жылдан ашуун жасалма диплом менен иштеп жүргөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери агасынын диплому менен ишке кирип, 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жүргөнү аныкталган. Ал И.М. аттуу кызматкер агасынын дипломундагы аты-жөнүн өзүнүн атына алмаштырып алып, 1997-жылы Жазаларды аткаруу кызматына ишке кирген. Бул түзүмдө ал ар кандай кызматтарда 20 жылдан ашуун иштеген. Кийин ошол эле диплом менен борбордогу университеттердин биринде квалификациясын жогорулатуу үчүн тапшырып, аны аяктаган. Ал 2016-жылы ЖАМКнын алдындагы "Келечек" ишканасынын 8-филиалына директор болуп дайындалып, бүгүнкү күндө да ал жерде иштеп жүргөн.

"Ага карата 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) жана 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине да бул тууралуу маалымат жөнөтүлүп, иш кароо үчүн тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилди", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.03.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну ишке алгандарды дагы жоопко тартыш керек. Эмне учун дыкат текшерууго алып анан ишке алышпайт. Ушундайлардын айынан артка кетебиз. 20 жылда куноосу жокторду деле жазалаганы айдан ачык билимсиздин.
22.03.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыныр иш кырк жылда.
22.03.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жыйырма жылдык компенсация толоткуло мамлекетке
22.03.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер ишин так кылган болсо кыйнабагыла.Себеби диплому бар туруп иштин козун билбегендер бар
23.03.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карачы 20 жыл отсода акыры билинип калды...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: